Жалгызмын жамгыр, жалгызмын бүгүн өзүңдөй,
Жалооруп турам жан дүйнөм сенден бөлүнбөй.
Сен менен келген сезимди бирге жетелеп,
Сен менен гана сырдашкым келет көрүнбөй.
Көңүлүм ооруп, көзүмдөн далай жаш учкан,
Жан билбес сырды жамгырлар гана окушкан.
Тирилэр беле соолуган таза сезимдер,
Жүзүмдөн агып жүрөккө жетсең кокустан...